rebranding
Помощь без выходных:
+996(220)04-49-23 +7 771936-53-53 Ticketon WhatsApp Ticketon telegram

Кылым карытаар бир күн

Өтчү жери: Бишкек ш., Абдумомунов көч., 230, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

Автор: Чыңгыз Айтматов

Койгон режиссер: Н.Мендебаиров, КР Эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов,  М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси

Сүрөтчү коюучу: Б.Тилекматов

Музыкалаштырган: К.Асанбаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов



 

Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси

Режиссердун жардамчысы – А.Кыдыршаева

 

Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романы улуу Ата-Мекендик согуш учурундагы  Сарөзөк чөлүндөгү темир жолчулардын өмүр жолун, ички трагедиясын, кубанычын жана кайгысын баяндайт. Спектаклде согуштун запкысын тарткан жөнөкөй элдин кубанычы менен кайгысы,  адам баласынын башы менен кошо жата турган көрө албастык, чыккынчылык, карөзгөйлүк, ата-менен баланын ортосундагы эч нерсеге алмаштыргыс сүйүү,  жана эң аруу сезим махабат баяны чагылдырылат. Сарөзөк чөлүндөгү Бороонду разъездинде өмүр боюу кызмат кылган Едигей менен Казангаптын турмуштун оордугуна, кубанычы-кайгысына карабай  шерттешкен сөздөн тайбаган бекем  достугу жана Едигейдин ички трагедиясы, эскерүүлөрү кеңири ачылмакчы.

Аткаруучулар:

Эдигей – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Үкүбала – А.Кыйыкбаева, КР эмгек сиңирген артисти

Сауле – А.Таалайбек кызы, Н.Бекмурат кызы

Казангап – Н.Салидинов, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси

Эдилбай – Э.Осмонов

Сабитжан – А.Мурадилаев, КР эмгек сиңирген артисти, Ж.Касейинов

Айзада – А.Имашова, Ч.Айтматов атындагы эл аралык, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыктардын ээси, М.Касаболотова

Абуталип – Ж.Сманов, Ж.Кангелдиев - М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси

Зарипа – Г.Сатарова, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси

Эрмек – Б.Касымалиева

Таңсыкпаев – А.Өмүрбеков, Ж.Касейинов

Текшерүүчү – К.Сарыбаев

Лейтенант – Б.Шаршенбаев, А.Карагулов

Күзөтчү – К.Атакан уулу, С.Тургунмамат уулу

Аракеч күйөө – А.Качкынбаев, А.Болорбек уулу

Доктор – А.Болорбек уулу

Маңкурт – Ө.Израилов, А.Осмоналиев

Найман эне – А.Назаркулова, КР эл артисти , Ж.Жумалиева, КР эл артисти

Абилов – Т.Жумагазиев, КР эмгек сиңирген артисти, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси