Scorpions в Алматы
тәулік бойы қолдау қызметі:
+996(220)04-49-23 +7 771936-53-53 Ticketon WhatsApp Ticketon telegram

М. Касеновдун «Алда жаш жубайлар, ай!»

М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай!”

М. Касеновдун «Алда жаш жубайлар, ай!» комедиясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды баяндайт. Өзгөчө жаңыдан баш кошкон жаш жубайлардын ортосундагы майда-барат нерселерден улам чыккан талаш-тартыштарды, анын чечүү жолдорун кылдат түшүндүрөт.

Автор аталган чыгармасы аркылуу эркек менен аялдын коомдогу ордун көрсөтүп эле тим болбостон, бири-бирине болгон кызганыч сезимдин жетээр чегинен ашпашы керектигин таамай көрсөткөн. Спектакль дал ушул кызганыч сезиминин чегин билүүгө үндөп, андан ашкан соң арты өкүнүчкө алып барарын таасын көрсөтөт. 

Коюучу топ:

Композитору – Ы.Усманов

Балетмейстер – Ж.Исакова

Режиссердун ассистенти – Ө.Израилов

Катышуучулар жана аткаруучулар:

  1. Касым – Б.Шаршенбаев, А.Осмоналиев
  2. Зуураш – Н.Бекмурат кызы
  3. Багратион – А.Качкынбаев, К.Атакан уулу
  4. Газиза – М.Асанбекова
  5. Азат – Ж.Касейинов, Ө.Израилов
  6. Бану  - Ж.Исакова, Ж.Борисова
  7. Бекзат – Ж.Талантбек уулу, А.Шерикул уулу
  8. Лаззат – А.Мелисбекова
  9. Лаззаттын элеси – А.Кыдырмышев, А.Карагулов